Бүгүн Бишкек мэриясынын алдында кайрадан нааразычылык акциясы өттү. Митингге чыккандар мэрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-мэр Нариман Түлеевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Алар «Кызматка Нариман Түлеевден башка адам келсин!» деген сыяктуу пикирлерин айтышуда. Мындан улам шаар тургундарына борбор калаанын мэрлигине кандай адам татыктуу? Жакшы иштеген мэрлер кимдер? деген суроо узатып, сурамжылоо жүргүздүк…