Интернет айдыңында тараган жаш кыздын кайрылуусу коомчулуктун көңүлүн бурду. Анда кичинекей кыз жарандарга кайрылып, келечекти ойлого чакырып, көзүнө жаш алган.
«Урматтуу ата-апалар жана шайлоочулар, эртеңдерден шайлоо болот. Силерден суранам, өзүңөрдүн келечегиңерди ойлобосоңор дагы биздин келечегибизди ойлоп койгулачы. Окуйлу десек китеп жок же телефон жок. Кыргызстанды сатпагыла жана сатылбагыла», — дейт жаш кыз.