• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Суталинов камакта калды. Сот отуруму жылды

15 Чын куран 201911:09 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык сотунда 15-апрелде атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин сот карабай, 7-майга сот отурумун жылдырды.

Сот отурум Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү келбей койгондон улам жылды.

Бүгүн сот Мурат Суталиновдун ден соолугуна байланыштуу бошотуу же бошотпоо маселесин карамакчы. Жактоочулардын айтымында Суталиновдун ден соолугу начарлап кетти.

Мурун адвокаттар өтүнүч келтиргенден кийин тогуз күбө суралды. Алар дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү. Дээрлик баары буга чейин коюлган диагнозду тастыктап, “түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес” деген пикирин айтышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү “Оорунун айыгышынан үмүт аз» деп билдирген.

2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеп турган Суталинов ошол жылдагы Апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Количество просмотров: 13