• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Суталиновду бошотуу маселесин кароо уланат

15 Чын куран 20199:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек.15.04.2019.Govori.TV.

Бишкек шаардык сотунда бүгүн 15-апрелде атайын кызматтын мурдагы башчысы Мурат Суталиновдун ишин кароо уланат.

Аны ден соолугуна байланыштуу бошотуу же бошотпоо маселесин караган соңку отурум 9-апрелде өткөн.

Адвокаттар өтүнүч келтиргенден кийин тогуз күбө суралды. Алар дарыгерлер жана Суталиновдун саламаттыгын текшерген комиссиянын мүчөлөрү. Дээрлик баары буга чейин коюлган диагнозду тастыктап, «түрмө шартында дарылануу мүмкүн эмес» деген пикирин айтышкан.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын өкүлү “Оорунун айыгышынан үмүт аз» деп билдирген.

2010-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) жетектеп турган Суталинов ошол жылдагы Апрель окуясындагы кан төгүүгө байланыштуу айыпталып, 20 жылга соттолгон.

Количество просмотров: 12