• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды

25 Бугу 2023 11:32 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 10 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош шаарында 1, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында жыгач устундуу калай менен жабылган жалпы аянты 180 чарчы метрди түзгөн үй толугу менен күйгөн. Өрт жанаша жайгашкан коңшусунун гаражына өтүп, жыгач устундуу шифер менен жабылган 70 чарчы метр чатыры жана жанында жыйналган жыгач устундар күйгөн. Гараждын ичинде 2 газ балон жарылган.

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Шарк айылында жалпы аянты 92 чарчы метр болгон турак үй толук күйгөн жана жанаша жайгашкан турак үйдүн 48 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган чатыры жана жалпы аянты 20 чарчы метр болгон жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайы толук күйгөн.

Теги:
Количество просмотров: 50