Кыргызстанда сутка ичинде 11 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө 12 бөлүм тартылган.
«Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Нарын облусунда 1өрт катталган»,-деп жазылат маалыматта.
Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон.