• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталды

23 Жетинин айы 2022 11:54 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кыргызстан конушунда жалпы аянты 40 чарчы метр жыгач устундуу темир менен жабылган турак үй толугу менен күйгөн. Өрт мешти пайдаланууда өрт коопсуздугу эрежесинин бузулушунан келип чыккан.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Сары-Булак айылында эки кабаттуу турак үйдүн 15 чарчы метр балкону күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 26 чарчы метр чатыры жана 12 чарчы метр бир бөлмөсү күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.

Баткен облусунун Баткен районундагы Паскы-Арык айылында турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 4 чарчы метр шыбы күйгөн. Өрт жылытуучу мештер менен морлордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыккан.

Количество просмотров: 63