Сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды
9 Теке 202510:37 Бишкек Govori.TV
Кыргызстанда сутка ичинде 27 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Чүй облусунда – 10;
- Ош облусунда – 6;
- Баткен облусунда – 3;
- Бишкек шаарында – 2;
- Жалал-Абад облусунда – 4;
- Ош шаарында – 1;
- Ысык-Көл облусунда – 1.
Тилсиз жоону өчүрүүгө 30 бөлүм тартылган. Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан 4 чыгуу болгон.
Подписаться:
Количество просмотров: 75