Сутка ичинде өлкө боюнча 3 медкызматкер коронавируска кабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
Анын айтымында, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда 2 медик ооруп калды. «Ал эми бир суткада 2 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 10 дарыгер айыкты. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 136 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 483 медкызматкер айыгып чыкты», — дейт ал.
Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан учурлардын саны 43 миң 958ди түзөт. Алардын ичинен 38 миң 649 киши айыгып чыкты, 1 миң 60 адам каза болду.