Өлкө аймагында сутка ичинде 30 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 33 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алсак,
— Бишкек шаарында – 6;
— Ош шаарында – 1;
— Ош облусунда – 4;
— Чүй облусунда – 10;
— Жалал-Абад облусунда – 3;
— Ысык-Көл облусунда – 2;
— Нарын облусунда – 1;
— Талас облусунда – 1;
— Баткен облусунда – 2.
Куткаруу кызматтары тарабынан 1 чыгуу болду.