• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

28 Чын куран 2023 10:40 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Ноокат районундагы Үй-Бай айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган сарайдын 140 чарчы метр чатыры жана 270 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Ала-Бука айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жалпы 105 чарчы метр чатыры, ички бөлмөлөрү, тиричилик буюмдары жана 102 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жалпы 80 чарчы метр чатыры, ички бөлмөсү жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Кант шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 24 чарчы метр чатыры, 1 бөлмөсү, үй буюмдары, “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаасы жана жанаша жайгашкан турак үйдүн 3 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 52