• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталды

22 Жетинин айы 2023 10:46 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 8 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Ош облусунда 5, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Кеңеш айылында короодо жыйылган 250 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош шаарынын Амур-Темир кичирайонундагы жыгач устундуу шифер менен жабылган мончонун 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 56