• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

Сутка ичинде бир медик коронавируска кабылды

8 Аяк оона 202011:33 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда сутка ичинде бир медик коронавируска кабылды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, бир суткада 4 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининен 17 медициналык кызматкер айыккан.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 158 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 600 медкызматкер айыкты», — дейт ал.

Количество просмотров: 59