• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Сутка ичинде коронавирус 232 адамдан табылып, 4 киши каза тапты

19 Бештин айы 202012:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде коронавирус 232 адамдан табылып, 4 киши каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек — 67, Ош — 4, Чүй облусу – 59, Ош облусу — 16, Талас облусу — 5, Нарын облусу — 5, Ысык-Көл облусу – 47, Жалал-Абад облусу – 14, Баткен облусу — 15 адам ооруп калды.

Ал эми бир сутка ичинде 408 киши илдеттен сакайды. Алар Бишкек – 115, Ош шаары – 15, Чүй облусу – 135, Ош облусу – 27, Талас облусу – 11, Нарын облусу – 8, Ысык-Көл облусу – 42, Жалал-Абад облусу – 34, Баткен облусу – 21 бейтап айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен 4 адам каза болду: Бишкек — 1, Баткен облусу — 1, Ош облусу – 2 Адам.

Өлкөдөгү стационарда 1 миң 694, амбулатордук түрдө 2 миң 551 бейтап дарыланууда.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 4 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Ал эми бир суткада стационардан 1, үй карантининен 11 медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 4069 учур катталды, алардын ичинен 3829 медкызматкер сакайды.

Коронавирус жайылып башталгандан бери Кыргызстанда жалпы 78 миң 911 адам ооруп, 72 миң 459у айыкса, 1 миң 328и каза тапты.

Количество просмотров: 63