• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сутка ичинде республика аймагында 6 өрт кырсыгы катталды

16 Жалган куран 2021 10:23 Бишкек Govori.TV

Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 6 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Бишкектин ГЭС-2 конушунун Максим Горький көчөсүндө турак үйдүн 3 чарчы метр жыгач устундуу темир жабылган чатыры күйгөн. Өрттүн себеби жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшү.

Ал эми борбор калаанын Свердлов районундагы Күрөңкеев көчөсүндө Mitsubishi Delica үлгүсүндөгү мамлекеттик автоунаанын кыймылдаткыч бөлүгү күйгөн.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Аук айылында сарайдын жыгач устундуу шифер жабылган 80 чарчы метр чатыры, 300 түк беде жана 1 даана ширетүү аппараты күйгөн

Количество просмотров: 41