• Шаршемби 21 Бирдин айы 2024
  • Среда 21 Февраль 2024

Сутка ичинде 15 өрт кырсыгы катталды

7 декабря 2023 в 11:09 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 3, Чүй облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 3, Баткен облусунда 2 өрт катталган.

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Жаңы-Арык айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган турак үйдүн жалпы 99 чарчы метр чатыры, 2 бөлмөнүн 32 чарчы метр ички жасалгасы, үй эмеректери жана тиричилик буюмдары күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 54