“Климаттын өзгөрүшүнүн шартында Кыргыз Республикасынын суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана Ысык-Көлдү сактоо” деп аталган Улуттук суу форуму өтүп жатат. Ага КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев катышты.
“Кыргызстанда суунун запасы мол. Жалпы узундугу 169 миң километрди түзгөн 45 миңден ашуун дарыя жана мөңгүлөр Кыргызстанды аймактагы стратегиялык суу түйүнүнө айландырууда. Анын ичинен 3500зү негизги дарыя болуп саналат, алардын кубаттуу агымдары жаратылышты гана азыктандырбастан, ошондой эле өлкөнүн ичинде да, чет өлкөлөрдө да миллиондогон адамдардын жашоосунун негизи болууда”, — деди Бакыт Төрөбаев бул жыйында.
Бүгүнкү күндө дүйнө глобалдык чакырыктардын учурун баштан кечирүүдө, ошол себептүү мезгилдин чакырыктарына жооп берүү үчүн 2040-жылга чейин — улуттук суу стратегиясы кабыл алынды.
Ал эми Ысык-Көлдү сактоодо – Ысык-Көл Кыргызстандын жана бүткүл Борбор Азиянын бермети гана эмес, аймактын уникалдуу жаратылыш мурасынын, маданий сыймыгы жана ажырагыс экосистемасынын символу экенин айткан Бакыт Төрөбаев, Ысык-Көл түбөлүк бермет бойдон калуусу зарылдыгын жана жаратылыш байлыктарыбызга көзөмөлдү жоготкондо гана трагедиялуу эстеп калбоо керектигин билдирди.
Белгилей кетсек, мамлекеттик органдар, эл аралык финансы институттары жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, илимий жана окуу жайлар, коомдук уюмдар катышкан Улуттук суу форуму Ысык-Көл облусунда өтүүдө.