• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Суучул Денис Петрашов 27-орунду ээледи

24 Теке 2021 21:53 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Токиодо өтүп жаткан Олимпиада оюндарында сууда сүзүүнүн брасс стилинде 100 метрге жарышка чыгып, өз бөлүгүндө үчүнчү орунду ээледи.

Сууда сүзүүнүн брасс стилиндеги 100 метрлик квалификациялык жарышка 49 спортчу катышып, алар өз ара жети топко бөлүнүп мелдешти. Жыйынтыгында эң мыкты жыйынтык көрсөткөн 16 спортчу финалдык бөлүккө жолдомо алды.

Ал эми кыргызстандык Денис Петрашов бул жарышта 1 мүнөт 00.23 убактысы менен 27-орунду ээлеп, мелдештен четтеди.

Эми Петрашов 26-июлда 200 метр аралыкка брасс стилинде жарышка чыгат.

Количество просмотров: 278