Бишкек.22.07.2019.Govori.TV.
Токио шаарында 2020-жылы өтө турчу Олимпиада оюндарына Кыргызстандык суучул Денис Петрашов биринчилерден болуп лицензия алды. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, Петрашов Түштүк Кореянын Кванджу шаарында өтүп жаткан суучулдар биринчилигинде 100 метр аралыкты 1 мүнөт 0,94 секундда сүзүп келген. Муну менен ал Олипиадага катышууга мүмкүнчүлүк алган.