• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Суучул Петрашов Азия чемпионатында дагы бир алтын медал утту

29 Бирдин айы 2024 17:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азиянын тртүнчу жолку чемпиону болду.

29-февралда спортчу брасс ыкмасы менен 200 метрге сүзүүдө финалда 2 мүнөт 12,89 секундада келип, алтын медалга ээ болду. 

Петрашов алгачкы алтынын 27-февралда алып, 50 метрге брасс ыкмасы менен сүзүүдө ишенимдүү жеңишке жетишкен.

Азия чемпионаты Филиппинде өтүүдө. Бул мелдештерди Кыргызстандын суу спорту федерациясынын президенти Уланбек Акматбаев калыс катары тейлейт.

Эске салсак, спортчу буга чейин 2017 жана 2019-жылдары алтын медалдын ээси болгон.

Количество просмотров: 109