• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Сууга агып бара жаткан кичинекей кыз куткарылды

10 Кулжа 202117:08 Бишкек Govori.TV

ИИМдин Академиясынын кызматкери менен курсанттар сууга агып бара жаткан кызды куткарып калышты. Бул тууралуу ИИМдин Академиясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 10-июнунда Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясынын курсанттары Б. Молдосанов, Тынчтык уулу М., Б. Акматов жана Академиянын кызматкери милициянын прапоршиги М. Осеков Аламүдүн -1 кичи районунда сууга агып бара жаткан жаш өспүрүм кызды куткарып калышты. Кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, тез жардам кызматына тапшырып беришти.


Количество просмотров: 1199