• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Сууга чөгүп кеткен 6 жашар баланын жансыз денеси табылды

9 Бугу 202313:35 Бишкек Govori.TV

Чүй каналына түшүп кеткен 6 жашар баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2017-жылы туулган Ш.С. аттуу бала Военно-Антоновка айылында каналга 8-май түшүп кеткен.

Издөө иштерине жалпысынан 16 куткаруучу, ИИМдин 2 кызматкери, туугандарынан 25 адам тартылган.

Изделип жаткан баланын жансыз денеси жергиликтүү тургундар тарабынан бүгүн саат 9:30да табылып, туугандарына өткөрүп берилген.

Количество просмотров: 62