• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Сууга чөккөн 5 жашар баланын сөөгү 8 күндөн кийин табылды

19 Чын куран 201913:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.04.2019.Govori.TV.

 Ат-Башы суусуна чөгүп кеткен 5 жашар баланын сөөгү 8 күндөн кийин табылды, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, баланын жансыз денеси бүгүн, 19-апрелде болжол менен саат 12:15те Чу дарыясынын Бирлик менен Гроздь айылдарынын ортосундагы бөлүгүнөн табылган. Ал бала түшүп кеткен жерден 12-13 чакырым ылдый болгон.

Белгилей кетсек, 11-апрелде 5 жашар бала Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына чөгүп кеткен. Издөө иштерине жалпысынан 133 куткаруучу жана Казакстан ИИМнин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар департаментинен 4 суучул тартылган.

Буга чейин Барсбектин кош бойлуу энесинин абалы начарлап, Саламаттык сактоо министрлиги адистерди жибергени айтылган.


Количество просмотров: 21