• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Суукта тоңуп калган ак куу куткарылды

14 Үчтүн айы 2020 16:45 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Түп районунда тоңуп калган ак куу табылып, жапайы жандыктарды коргоо боюнча тиешелүү фондго тапшырылды. Бул тууралуу “Бугу-Эне” коомдук фонду билдирди.

Маалыматка караганда, Экотехинспекциянын кызматкерлери Каракол, Ак суу, Түп, Жети-Өгүздө рейд жүргүзүп жүрүп, Түптөгү булуңдан сукка тоңуп калган ак кууну таап алышкан.

Башкармалыктын жетекчиснин орун басары Нурсултан Ташыбек уулу жана башкы инспекторлор Кадыралиев менен Букарова канаттууну жылытып, күн мурун, 13-январда аны аталган фондго тапшырып беришкен.

Количество просмотров: 177