Бишкек. 03.02.2019. Govori.TV
Сууну коромжусуз пайдалануу максатында айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 3-окууга жөнөтүлдү.
Анда долбоор аркылуу суу ресурстарын пайдалануу үчүн акыны белгилөө жана алуу тартиби каралган. Ошондой эле айыл жергесиндегилерге же бак-дарак участкалары бар жарандарга, багбанчылык кылгандарга суу Өкмөт аныктаган тартипте берилери каралып жатат.
Мыйзам долбоордун максатын Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасы Айтмамат Назаров айтып берди.
Анын айтымында, бул мыйзам долбоору бүгүн эле пайда боло калган жок. Көптөн бери эле жалпы коомчулук,бийлик өкүлдөрү айтып жүрүшөт.
«Бизде суу кенен болгондон кийин аны товар кылып сатуу керек деп келишет. Биз бүгүн ошол айтылып жүргөн ойду турмушка ашырып, сууну товар кылып сатуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыктык. Ага ылайык мындан ары суу жаратылыш ресурс катары өзүнүн баасы болот. Ким ошол сууну пайдаланса, суунун акысын төлөш керек болот. Албетте, бул жерде бир топ жеңилдиктер дагы каралган. Жергиликтүү калктын ичүүчү суусуна, мал-жандык, дыйканчылыкка суу ресурс катары каралбайт. Ал жерде алынып жаткан 3 тыйындык акы ошол боюнча калат. Бул сууну жеткирип берүү акысы болуп саналат. Бул жерде сууга акы төлөй тургандар өнөр-жай ишканалары, коммерциялык багытта сууну иштеткендер төлөйт»,- дейт Назаров.