• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Суусамыр — Талас — Тараз жолундагы чектөө алынды

14 Жетинин айы 202412:39 Бишкек Govori.TV

Талас районунун Өтмөк ашуусундагы Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 36-чакырымындагы («Алим» оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайы) чектөө саат 11:00дөн тартып алынды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-ноябрда Өтмөк ашуусунда жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында №36 Жол тейлөө ишканасынын сунушу боюнча оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө саат 17:15тен тартып убактылуу чектөө киргизилген.

Количество просмотров: 128