• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына 5 миң чабак кое берилди

26 Жалган куран 202612:33 Бишкек Govori.TV

Чүй облусундагы Суусамыр жана Көкөмерен дарыяларына куйган сууларга 5 миң чабак кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Бул иш-чара суу биоресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин бир бөлүгү болуп саналат.

Балыктандыруу – табигый суу объектилериндеги балык ресурстарын калыбына келтирүүнүн жана көбөйтүүнүн натыйжалуу ыкмаларынын бири.

Количество просмотров: 143