• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Соң-Көлгө 5,2 млн. чабак кое берилди

1 Чын куран 202510:19 Бишкек Govori.TV

«Кыргыз балыгы» мамлекеттик ишканасы тарабынан Соң-Көлгө сига-лудога балыгынын чабактары кое берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Тактап айтканда, «Каракыя» участогуна 5 млн 200 миң даана сига-лудога чабактары (орто эсеп менен 1 даана чабак — 45 мг ашык) кое берилди.

Белгилей кетсек, чабактар мамлекеттик ишкананын филиалы болгон Соң-Көл балык чарбасынын инкубациялык цехинде өстүрүлгөн.

Количество просмотров: 158