• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Суваналиев: Азыр ок атылган жок

30 Чын куран 202110:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 30-апрелге караган түнү кыгыз-тажик чек арасында кагылыштар болгон жок, деп билдирди өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлү Өмүрбек Суваналиев билдирди.

«Түнкүсүн кагылышуулар болгон жок, саат 20:00дөн кийин токтотулган. Жарандар тарабынан бир-экиден ок атылып, бир нече калктуу конуштарда өрт болду. Бул жаңжалдардын кесепети. Азыр ок атылган жок. Келтирилген чыгымдарды карап жатабыз», — деди ал.

Мурдараак Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары түнкүсүн да ок атканын билдирген болчу.

Количество просмотров: 185