• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузак округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады

23 Баш оона 202410:52 Бишкек Govori.TV


Сузак бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Аталган округда 22-сентябрда Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо өткөрүлөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Шайлоого катышуу ниетин 15 талапкер билдирген (12 эркек, 3 аял). Төрт талапкер шайлоого катышуудан баш тартты.

Эске салсак, Сузак шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган Тазабек Икрамов өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.

Количество просмотров: 99