Сузак районунда жер көчкү түшүп, Ачы-Сай сайын бөгөп калды
Сузак районунда жер көчкү түшүп, Ачы-Сай сайын бөгөп калды
23 Тогуздун айы 2018 14:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.10.2018. Govori.TV
Сузак районунда жер көчкү түшүп, Ачы-Сай сайын бөгөп калды.Бул туурасында
КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта, 2018-жылдын 23-октябры күнү саат 11:30 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Акчалуу айылында жер көчкү түшүп, Ачы-Сай сайын бөгөп калган.
Жерине КР ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан ыкчам топ жана райондук Жарандык коргонуу комиссиясы тартылып, тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Турак үйлөргө коркунуч жок жана кошумча маалымат берилет дейт ӨКМ.