• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Сузакта 11 жаштагы баланын эжеси инисин капысынан өлтүрүп алганын айтты

9 Теке 201916:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.07.2019.Govori.TV.

Cузак районунундагы Барпы айыл өкмөтүндөгү Каңды айылында 11 жаштагы баланы өз үйүндө бир тууган эжеси бычактаганын облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык маркум болгон жеткинчектин бир тууган эжеси ойноп отуруп, инисин өлтүрүп алган.

“Маркумдун эжесинин берген көрсөтмөсү боюнча алар ойноп отурган. Алгач скотч менен буту колун таңгандан кийин капыстан атасынын мал сойгон бычагы менен инисин сайып алган. Андагы канды көргөндөн кийин калган окуя эсинде жок экенин айтты”,-дейт Жалал-Абад ОИИБнин маалымат кызматынын жетекчиси Нурдин Жээнтаев.

Мындан сырткары инисин өлтүрүп алган кыз өз ишин жашыруу максатында буга чейин айтылып жаткандай кат жазып жатышы ыктымалдыгын кошумчалады.

Кошумчалай кетсек, кечээ, 8-июль күнү Сузак районунда 11 жаштагы баланын жансыз денеси өз үйүндө бычакталган абалда табылган.

Количество просмотров: 20