Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунун Узун-Колот жайытында 140 гектар жерди чегиртке каптады. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Зыянкечтердин 1 чарчы метр жерде 7-10 экземпляры аныкталды.
«Бүгүнкү күндө Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин Жалал-Абад, Ош жана Баткен башкармалыктарынын адистери тарабынан зыянкеч чегирткелердин очокторун өз убагында табуу жана аларга каршы күрөшүү чараларын өз убагында жүргүзүү максатында, пландык кеңири масштабдуу изилдөө иштери жүргүзүлүүдө»,-деп жазылат маалыматта.
Министрлик чегирткени башка облустардан дагы издөөдө.