Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 19 жаштагы кызды атасы 10 жыл бою зордуктап келген. Бул тууралуу «Азаттык» жарыялаган материалда айтылат.
Тергөө учурунда жабырлануучу зордуктоо боюнча 43 учурду айтып берген. Кыздын жактоочусу шектүүнү өмүр бою эркинен ажыратууну талап кылууда.
Кыздын айтымында, атасы аны биринчи жолу жети жашында зордуктаган.
«Соттогулар адилеттүү чечим чыгарып беришин каалайт элем. Менин пайдама чечип бергиле деп айтпайм, бирок жок дегенде мыйзам чегинде жакшы карап берсе болмок да. Менин билишимче, акча менен бүтүрөбүз дегендер көп экен. Менин акчам жок, акча берип сотту да сатып ала албайм. Өмүр бою отурушу керек бул адам», — деп билдирген 19 жаштагы кыз.