• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Токтогулда 14 жашар кызды зордуктоого шектелип үч киши кармалды

22 Жетинин айы 202514:49 Бишкек Govori.TV

Токтогул районунда зордуктоо фактысы менен 3 жаран камакка алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү Токтогул РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Токтогул шаарынын 1984-жылы туулган М.С. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2025-жылдын июнь айынан тартып, 2025-жылдын 20-ноябрга чейинки убакыт аралыкта анын 2011-жылы туулган Р.С. аттуу кызын Б.,Э жана С аттуу балдар күч колдонуп зордуктап жүрүшкөндүгүн билдирип, жогоруда көрсөтүлгөн жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Аталган маалымат Токтогул РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыштардын бирдиктүү реестрине, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 154-беренеси (Зордуктоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон. Ошондой эле кызга карата тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Козголгон кылмыш ишине шектүү катарында, 2025-жылдын 21-ноябрь күнү Токтогул районунун 27 жаштагы Э.К., 19 жаштагы С.К. жана 15 жаштагы Б.Ж. аттуу тургундары кармалып, Токтогул РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Количество просмотров: 161