Бишкек шаарында кыз зордуктоого шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.
17-августта борбор калаанын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, Жал кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен белгисиз бирөө аны зордуктаган.
Бул боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери 20-августта кылмышка шектүүнү кармашкан. Кылмышка шектүү Э.Т. аттуу 1994-жылы туулган жаран болгон. Азыркы тапта кармалган адамдын башка кылмыш иштерге катыштыгы иликтенип жатат.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камалды.