• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сузакта 20 жаштагы жигит өз жанын кыйды

30 Теке 201916:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 жаштагы бала өз жанын кыйды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык,  окуя 29-июль күнү саат 21:30 чамасында катталган. Анда маркум 1 метр 30 сантиметр жипке асынып алган.  Каза болгон жигит Ноокен районунун 20 жаштагы  М.Н.  аттуу тургуну болгон.

 Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү  реестрине катталып, териштирүү иштери башталган.

Количество просмотров: 50