Сузакта өз жанын кыюу үчүн сууга боюн таштаган аял куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Мундуз айылында 36 жаштагы С.Т. аттуу аял Көк-Арт дарыясына өз жанын кыюу үчүн сууга боюн таштаган. Жергиликтүү тургундар ал аялды суудан аман-эсен алып чыгышкан.
Аял Сузак райондук милиция кызматкерлерине өткөрүлгөн.