• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузакта атасы өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды

28 Жалган куран 202314:11 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунда атасы өзүнүн 19 жаштагы кызын зордуктоого шектелип кармалды. Маалыматты Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Билдирүүдө айтылгандай, райондук милицияга 2004-жылы туулган кыз арыз менен кайрылып, 2022-жылдын сентябрь айынын аягында үйүндө атасы 1980-жылы туулган Н.К. зордуктап койгондугун билдирген.

Бул факты Сузак РИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине «зордуктоо» беренеси менен катталып, кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуяга шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-жылы туулган Н.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 1484