• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сузакта аялын сабап өлтүргөн шектүү камакка алынды

2 Кулжа 2022 17:45 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда 39 жаштагы келинди күйөөсү сабагандан кийин каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 29-май күнү болжол менен саат 15:30 чамасында, Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө, Базар-Коргон районунун тургуну А. А. кабар берип, анда Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагында жашаган бир тууган карындашы А.У.ны Айбек аттуу жолдошу уруп өлтүрүп койгондугун билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдын негизинде Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 122-бер. (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Дайындалган соттук-медициналык экспертизанын негизинде, эксперттин алдын ала берген ооз эки маалыматы боюнча У.А.нын башында, колдорунда, ичинде, буттарында жарылган жана көк ала дене жаракаттары бар экендиги, ал жаракаттар катуу мокок нерсенин тийүүсүнөн улам пайда болгондугу такталган. Өздүгү такталып, тергөөгө камсыз болгон, шектүү катары суралган учурда А.Д. өзүнүн көрсөтмөсүндө, 2022-жылдын 29-май күнү болжол менен саат 04:00 чамасында үйүндө аялы А.У. менен өз ара сөз талашып кетип, мас абалда болгондугуна байланыштуу уруп койгондугун, андан кийин кайра жарашып алышкандыгын, бирок эрте менен туруп аялын караган учурда ал каза болуп калгандыгын билдирген. Тергөөнүн жүрүшүндө маркум У.А.нын жолдошу 1987-жылы туулган Д.А. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 259