• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сузакта кайненесин бычактаганга шектүү киши кармалды

2 Теке 2020 16:55 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда өзгөчө мыкаачылык менен кайненесин бычактаган шектүү кылмыш изи сууй электе кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык,кечээ, 1-июлда саат 08:00 чамасында Сузак РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Сузак районунун айылдарынын биринен адамдын өлүгү менен байланышкан кылмыш туурасында чакыруу келип түшкөн.

Чакыруу боюнча окуя болгон жерге РИИБдин тергөө-ыкчам тобу жана жетекчилиги толугу менен барган учурда короодо үйдүн тургуну 1957-жылы туулган О.О. аттуу (аял киши) жарандын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылган жана тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлгөн.

Аталган окуя боюнча топтолгон материалдар Сузак РИИБинин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРнын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) менен катталып, сотко чеийинки өндүрүш иши башталып, каза болгон аялга карата, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Маркумдун сөөгүнө сырттан кароо жүргүзгөн учурда денесинде 16 жолу бычак сайылгандыгы аныкталган.

Мындан сырткары каза болгон жарандын күйөөсү дагы 1954-жылы туулган О.Д. денесинен жаракат алып 3 жолу (кесилген) бычак сайылып, аймактык ооруканага жаткырылган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда бычак, атайын көздөрү оюлуп-тилинген шапкадан жасалган маска жана башка тиешелүү буюмдар алынып, аларга карата соттук-биологиялык экспертиза дайындалган.

Кылмыштын изин суутпай Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан шектүү катарында маркумдун күйөө баласы Сузак районунун 2002-жылы туулган Т.А. аттуу тургуну жашынып жаткан жеринен кармалып, тергөөгө өткөрүлүп берилди.

Алдын ала алынган маалыматка ылайык, шектүү жаран акыркы 2 айдан бери кызганычтын айынан жубайын тынбай уруп-сабап жаткандыктан, аялы ата-энесинин үйүнө кетип калган. 29-июнь күнү күйөөсү аны алып кетем деп келгенде апасы О.О. жибербей койгон. Кетип жатып күйө баласы “болбосо өлтүрөмүн” деген сөзүн белгилеп, коркутуп кеткен. 1-июлга караган түнү саат 00:15 чамаларында атайын шапкадан маска жасап тагынып алып келген. Азыр сүйлөшө албайбыз, күндүз кел деп жооп кайтарышканда, ал колундагы бычагы менен жубайынын атасын, андан соң апасын бир нече жолу сайып оор жаракат келтирген. Жубайын скотч менен колун, оозун байлап күч колдонуп үйүнө алып барып коюп, өзү жашынып алган.

Учурда аталган кылмыш боюнча шектүү жаран Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Количество просмотров: 66