• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Сузакта кыз төрт жыл бою зордукталып, кош бойлуу болуп калган. Анын апасы өзүн-өзү өрттөөгө аракет кылган

13 Үчтүн айы 2021 17:47 Бишкек Govori.TV

Сузакта 15 жаштагы кош бойлуу кыз тыкыр көзөмөлгө алынган. Кызынын саламаттыгын энеси өз жоопкерчилигине алгандыктан, кыз үй-бүлөсү менен бирге турат. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан маалымдашты.

Берилген маалыматка караганда, 2020-жылдын 28-декабрында Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдардын иштери боюнча комиссиясына 2005-жылы туулган З.О.нын «Баланы коргоо жана жеке иштөө» планын бекитип берүү боюнча кайрылуу келип түшкөн.

Аталган кайрылууда жашы жете элек кызды 11 жашында өгөй атасы — 1984-жылы туулган М.М. аттуу жаран таенесинин үйүндө зордуктаганы, ошондон бери сексуалдык зомбулукка кабылып, жыныстык катнашта болуп келгени, арадан убакыт өтүп апасы Г.Ж. ультра үндүү аппаратка кош бойлуулук боюнча текшерткени, текшерген учурда кош бойлуу экени аныкталганы белгиленген.

Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кыздын укугун коргоо жана мындан ары тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү максатында 2020-жылдын 30-декабрында Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдардын иштери боюнча комиссиясында жашы жете элек О.З.нын апасы Г.Ж.нын катышуусунда жогорудагы маселелер каралган.

«Анда жашы жете элек кыздын апасы тарабынан кызы О.З. менен өгөй атасынын ортосунда эч кандай жыныстык катнаш болбогону, кызы Б. аттуу бала менен сүйлөшүп жүргөнү айтылган. Ошондой эле кызын бөлүп, башка жерге жайгаштырууга макул болгон эмес. Жаш кыз да энеси менен бирге турарын, башка жерге жайгаштырууга макул эместигин айтып, түшүнүк катын жазып берген. Ошол себептерге байланыштуу Сузак райондук мамлекеттик администрациясы өспүрүм кыздын коопсуздугун, мыйзамдуу укугун коргоо максатында “Бала менен жекече иштөө” планын бекитип берип, тиешелүү чечимдерди кабыл алган. Аталган чечимде жашы жете элек О.З.нын коопсуздугун, мыйзамдуу укугун коргоо жана каттоого алуу жагы Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгына жүктөлгөн. Ал эми, ден соолугуна коркунуч келтирбөө жана такай көзөмөлгө алуу жагы апасы Г.Ж.га тапшырылган. Мындан сырткары, медициналык каттоого тургузуу жагы Сузак райондук ҮДБна жүктөлгөн. Ошондой эле аталган өспүрүмгө ар тараптуу колдоо көрсөтүү жагы Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысына жана Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчисине милдеттендирилип азыркы мезгилде тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Кыздын энеси кызын башка жаран зордуктаганын, өгөй атасынын тиешеси жоктугун айтып, РИИБдин алдында өзүнө күйүүчү май чачып, өрттөөгө аракет кылган болчу. Ал эми милиция өспүрүмдү зордуктады деген жаран тергөөдө аныкталбаганын, тескерисинче өгөй атасы жыныстык катнашка барганы экспертизанын жыйынтыгы менен далилденгенин билдирген.

Булак: Турмуш сайты

Количество просмотров: 9781