• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Сузакта мектептин дааратканасына окуучу кыздын артынан эркек кишинин киргени видеобайкоого түшүп калган

26 Үчтүн айы 201915:30 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.01.2019.Govori.TV.

Сузак районунун Ырыс айыл аймагына караштуу Г.Бакиева атындагы мектептин дааратканасына кирген окуучу кыздын артынан 25-30 жаштардагы эркек киши кирип, кыздын кыйкырыгынан сыртка качып чыкканы видеобайкоого түшүп калган.

Жергиликтүүлөрдүн айрымдары эркек адам кызды атайын аңдып, эч ким жогунан пайдаланып артынан киргенин, кыз кыйкырып жибергенде сыртка качып чыгып кеткенин айтышууда.

https://www.facebook.com/roziya.hasanova/videos/2253074991631738/

Ал эми райондун акими бул окуя боюнча милицияга кабар берилгенин билдирди.

«Бул окуя Ырыс айыл аймагындагы Г.Бакиева атындагы мектептеги видеобайкоого түшүп калган. Кыз кыйкырып жибергенде качып чыккан. Окуучу кыздан мугалимдери сураганда видеого түшүп калган эркек мас абалда экенин айтыптыр. Мугалимдер видеобайкоону түрдүрүп көрүшкөн. Тасмага түшкөн эркек адам боюнча райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырмалар берилди. Алар тиешелүү иш алып барып жатышат. Бүгүн мектеп директорун кабыл алып, аны менен окуянын чоо-жайы боюнча сүйлөштүм. Тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө», — деди райондун акими.

Ал эми Г. Бакиева атындагы орто мектептин директору Асанбек Эргешовдун айтымында, окуу жайга видеобайкоо коюлганына бир жылдан ашты. Мугалимдер «дааратканага эркек адам адашып кирип алган» деген пикирде.

«Окуя күндүзгү саат 14:00 чамасында катталган. Мектептин тосмосу жок, арт жагынан жергиликтүү тургундар катташат. Видеодо эркек адам бир кыздан кагаз сурап, ал кеткенден кийин кыздардын дааратканасына кирип алган. Кыз кыйкырганда кайра качып чыгып кеткен. Кызга зыяны тийген эмес. Адашып кирип алган болушу мүмкүн», — деди мектептин директору.

Маалым болгондой, бул мектепте 500дөн ашуун окуучу билим алат.

Количество просмотров: 10