• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Сузакта Porter сүзүп кеткен окуучулардын абалы айтылды

6 Бугу 2024 11:56 Бишкек Govori.TV

 Сузактагы балдар катышкан кырсыкта жабыркаган 10 жабырлануучунун абалы жакшырууда. Бул тууралуу Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт бала жандандыруу бөлүмүнөн жалпы палатага которулуп жатат.

«Буту сынган бир жабырлануучуга операция жасалуу алдында турат. Учурда ооруканага жаткырылгандардын бардыгынын абалы туруктуу», — деди башкы дарыгер.

Эске салсак, 2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.

Иш-чара учурунда коопсуздук маселесин өз деӊгээлинде камсыздабай жана алдын алуу иш-чараларын так жүргүзбөгөндүгү үчүн жалпы 12 кызматкер тартиптик жаза алган. Алардын ичинен Сузак РИИБдин башчысы, анын орун басары жана иш-чара өткөрүлгөн аймакты тейлеген Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысы ээлеген кызматтарынан бошотулду.

Количество просмотров: 203