Бишкек.13.05.2019.Govori.TV.
Сузак районунда сабалган 2 жаштагы кыздын энеси 27 жаштагы Альбина Бишкекке учуп келет.
Маалыматка ылайык, кыздын апасы Москвага 27-январда учуп келип, таттуу чыгаруучу цехте идиш жуугуч болуп орношкон. Ал 5 жана 2 жашар кыздарын Сузактагы өгөй энесине таштап кеткен.
Азырынча ал милицияга арыз жазабы же жокпу белгисиз. Анын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө Москвадагы кыргыз диаспорасы билет сатып берген.
Эске салсак, буга чейин 2 жаштагы наристенин сабалгандыгы, анын денесинде көк-ала тактар бар экени кабарланган.