• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сузакта сарай өрттөнүп, 12 баш кой жана торпок күйдү

2 Бештин айы 2021 11:13 Бишкек Govori.TV

1-декабрь күнү Сузак районуна караштуу Кара-Алма айылында жайгашкан мал сарайдын чатыры күйүүдө деген маалымат саат 23:50дө түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жерине №59 ӨКБнүн бир өрт өчүрүүчү бөлүмү тартылып, аталган жай 01:19да курчоого алынып, бүгүн саат 08:01де толугу менен өчүрүлдү.

Жалпысынан сарайдын 192 чарчы метр аянты күйгөн.

Келтирилген чыгымдар 12 баш кой, 1 баш торпок, 1000 түк чөп жана 600 боо жүгөрү бакалы күйгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 121