• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Сузакта тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында көчмө лабораториялык унаа иштей баштады

19 Бирдин айы 202116:26 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында көчмө лабораториялык унаа иштей баштады. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ветеринардык-санитардык экспертизалык лаборатория автоунаасы «СузакВетЛаб» жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2 млн 800 миң сомго сатып алынган.

Эми аймактагы соода жайларында жана базарга чыккан эт, сүт азыктарын, жашылча жер-жемиштердин курамын жана коопсуздугун жеринде аныктоо мүмкүнчүлүгү жаралды.

Бүгүн кызмат көрсөтүүчү атайын техника боюнча маалымат берилип, ага облус башчысы Абсаттар Сыргабаев катышты.

Өкүл азыркы учурда жарандардын тамак-аш коопсуздугун сактоо актуалдуу маселе экенин айтып, мында жаңы көчмө лаборатортялык автонуаанын жардамы чоң болоорун белгиледи.

Количество просмотров: 155