• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сузакта турак үйлөрдү суу каптады

12 Бугу 2021 12:31 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда жааган жаандан улам дарыядан суулар ашып, турак үйлөрдү каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 11-май күнү саат 11:00 чамасында Чангет-Сай дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, натыйжада Барпы айыл аймагынын Үлгү айылында болжол менен 14 турак үйдүн короолорун жана кафенин аймагын, Осмонов айылынын 4 турак үйдүн короолорун, 1 турак үйдүн ичин жана Кызыл-Багыш айылында 1 турак үйдүн короосун жана Бишкек-Ош унаа жолунун 577-чакырымын (Үлгү айылы) каптаган.

Учурда тазалоо иш-чаралары жүргөндүгүнө байланыштуу Бишкек-Ош унаа жолу жабылып, 575 жана 578-чакырымдарында посттор уюштурулган, унаалар Жалал-Абад шаары аркылуу өтүүдө. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 176