• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Сузакта уурулар темирден жасалган мык суургуч жана күрөк менен үй ээсин өлтүрдү

6 Үчтүн айы 2018 16:08 Бишкек Govori.TV

Сузак районунда бир үй-бүлөгө кылмышкерлер кол салып, үй ээси алган жараатынан улам каза болду, ал эми аялы жана кызы жараат алышты. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-декабрдан 30-декабрга караган түнү Сузак районунун Күмүш-Азиз айылындагы үйлөрдүн бирине белгисиз кылмышкер мыйзамсыз түрдө киришип, үйдүн тургундарын уруп, ден-соолугуна жарат келтиришип, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул окуя боюнча Сузак РИИБге кабар келип түшкөн. Сузак РИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барган учурда кылмышкерлердин колунан үйдүн ээси — 1956-жылы туулган С.Т, 1964-жылы туулган жубайы С.Х., жана 2002-жылы туулган кызы С.М., жараат алышкандыгы аныкталган. Уурулар темирден жасалган мык суургуч жана күрөк менен алардын бети-башына, денелерине уруп, үйүнүн ичинен баалуу буюмдарды издешкен, бирок таба албагандыктан окуя болгон жерден качып кетишкен.

Кылмышкерлердин токмогуна кабылган үй-бүлө мүчөлөрү денелерине оор жарат алышып, Сузак аймактык оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Үй ээси алган жараатынан улам ооруканада 3-январда каза болгон.

«Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, далил буюм алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Аталган окуя боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) 4-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ОИИБдин Криминалдык милиция кызматы жана Сузак РИИБдин кызматкерлери тарабынан тергөө-ыкчам тобу түзүлүп, ыкчам-иликтөө иши жүргүзүлдү. Издөө иштеринин натыйжасында 4-январда Сузак районунун Кайрагач айылынын 1995-жылы туулган тургуну Б.М., шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү өз көрсөтмөсүндө, буга чейин жабырлануучу аялдын ортосунда аласа-береседен калган акча каражатынан улам чыр чыккандыгын айткан. Аны менен катар кылмышка шектүүнүн жакынкы аймактагы мурда катталган 4 уурулук фактыларына катыштыгы бардыгы далилденген.

Учурда шектүүнүн мындан башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугун аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

 

Количество просмотров: 4