• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сузактагы шайлоодо ким депутат болду?

27 Аяк оона 202410:06 Бишкек Govori.TV


КР Борбордук шайлоо комиссиясы №13 Сузак шайлоо округунда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу БШК билдирди.

Шайлоого 15 талапкер катталып, бирок 7 талапкер гана катышкан.
Сузак округундагы шайлоого 21 миң 57 шайлоочу добуш берген. 10 миң 174 добушту Алтынбек Кылычбаев алды. Ушундай жыйынтыктан кийин ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп калды.

Бул округдун ага чейинки депутаты Тазабек Икрамов өз каалоосу менен депутаттыктан кеткенден кийин 22-сентябрда анын ордуна шайлоо өткөрүлгөн.

Количество просмотров: 106